Бишкектин Тыныстанов көчөсүн бойлой кайың көчөттөрү отургузулду

Коом 0

Бишкек, 24.02.23./Кабар/. Бишкектин Тыныстанов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Иваницин көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 50 түп кайың көчөтү отургузулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ошондой эле жашылдандыруучулар Тынчтык проспектисинде мурда башталган ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузууну улантышты. Бүгүнкү күндө дагы 37 жаш арча отургузулду.

Белгилей кетсек, буга чейин шаардын Октябрь районуна 44 түп кайың отургузулган. “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы тарабынан өткөн жумада 380 даана көчөт отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий