Алмаз Тажыбай: Кримтөбөлдөрдүн орду түрмө же өлүм экени тастыкталды

Коом 0


Бишкек, 05.10.23./Кабар/. Кримтөбөлдөрдүн орду түрмө же өлүм экени дагы бир жолу тастыкталды. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай “Кабар” агенттигине билдирди.

Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин, кримбашчылары тарыхта деле өз өлүмү менен өлбөй турганын айтты.

Ал бийлик кримдүйнөгө каршы күрөшүүдө эл аралык методдорду колдонсо болоорун айтып, Грузияны мисал кылды.

“Дүйнө жүзүндө тажрыйбалар абдан көп. Эгерде совет доорундагы өлкөлөрдү алып көрсөк, мисалы, 2003-жылы Грузияда ыңкылап болгондон кийин кылмыштуу топтордун жетекчилерине каршы абдан катуу күрөш болгон. Ал учурда кылмыштуу топтун мүчөсүмүн деп айтып койгону үчүн эле жаза кодекстерде жоопкерчилик абдан катуу киргизилген. Буга улай кылмыш дүйнөсүнө аралашкан укук коргоо органдары да тазаланып, системдүү күрөш жүргөн”, – дейт саясат талдоочу.

Мындан тышкары, Алмаз Тажыбай Россиядагы "кара дүйнөгө" каршы күрөштү мисал кылып, Кыргызстанда дагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы жазаны күчөтүү керектигин айтты.

Эскерте кетсек, 4-октябрда "мыйзамдагы ууру" кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) кармоо учурунда жок кылынган.

КР УКМКдан билдиришкендей, ал кармоо учурунда атайын кызматтын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий