• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Ала-Арча суусуна түшүп кеткен жаран аман-эсен куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Бишкекте Ала-Арча суусуна түшүп кеткен жаран аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "102" кызматына Ленин районунун Заводской поселок көчөсүндөгү көпүрөдөн 1986-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши Ала-Арча суусуна түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, жаранды алып чыгышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий