• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Россияда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 31ай /Кабар/. Кыргызстандын эки жараны Россиядагы жол кырсыгынан жабыркашты. Россиялык аймактык ЖМКлардын маалыматы боюнча, кырсык 31-майга караган түнү Саратов облусунда болгон.

Эки жүргүнчүсү бар унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, оодарылып кеткен.

24 жаштагы кыргызстандык кыз ооруканага жеткирилип, 32 жаштагы Кыргызстандын жана 52 жаштагы Азербайжандын жарандарына жардам көрсөтүлүп, амбулаториялык дарыланууга көрсөтмө берилди.

Пикир

Оставить комментарий