• 89.12
  • 95.1
  • 0.95

Талас районунда кампа толугу менен жана 3 муздаткыч күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. Талас облусунун Талас районундагы Ак-Калпак жаңы конушунда Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан кампа толугу менен жана 3 муздаткыч күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө №17 ӨКБдан эки өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 14:24тө чектөөгө алынып, 14:24тө толук өчүрүлгөн.

Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий