• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жалал-Абадда батирлердин биринен 63 жаштагы адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринен 1958-жылы туулган эркек адамдын жансыз денеси табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, куткаруучулар Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачышканда, ичинен 1958-жылы туулган Н.Н. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий