Сокулукта кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехте өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Сокулук районунда кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехте өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрь күнү саат 13:25 чамасында Чүй облусунда Сокулук районунун Манас айылында жыгач устундуу темир жабылган кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехтин 700 чарчы метр чатыры жана 3 тонна кездеме калдыктары күйгөн.

Өрттүн кесепетинен өрт өчүрүүчү-куткаруучусу бети колунан жаракат алган. Азыркы учурда абалы туруктуу.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий