• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кочкордо жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Кочкор районунда жол кырсыгы ктталып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 235-чакырымында Toyota Ipsum жана Volkswagen Golf үлгүсүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1937-жылы туулган И.Т. жана 2008-жылы туулган И.А. аттуу эки адам жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий