• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айжан Абдымомунова КМШнын эң мыкты студенти болду

Коом 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын фармацевтика факультетинин 3-курсунун студенти Айжан Абдымомунова “КМШнын 2023-жылдагы эң мыкты студенти” наамына ээ болду. Бул тууралуу аталган академиянын маалымат кызматы билдирди.

Абдымомунова “Фитофарм” илимий ийримдин атынан “Жаштар жана илим” VII эл аралык конференциясына катышып, 1-даражадагы диплом жана төш белги менен сыйланды.

Белгилей кетсек, эл аралык сынак “Бөбек” жалпы улуттук кыймылы тарабынан уюштурулуп, КМШ өлкөлөрүнүн илим, билим, искусство жана спорттун өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон мыкты жаш студенттерге арналат.

Конкурс Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Россиянын студенттери катышты.

Пикир

Оставить комментарий