Петербургда 47 жаштагы кыргызстандык аял сабалып, зордукталган, ал ооруканада

Коом 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Санкт-Петербург шаарындагы 9-январь сейил багында кыргызстандык аялды сабап, зордукташкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Кылмыш 2018-жылдын 25-августунда жасалган.

Элчиликтин кызматкерлери Россиянын укук коргоо органдарына сурам жөнөтүшкөн.

Алынган жоопто компетенттүү органдар №26 шаардык ооруканага жаткырылган 1971-жылы туулган Э.Ч.О. аттуу жаранды сабоо жана зордуктоо фактысын тастыкташкан.

“Аталган иш боюнча текшерүү материалы Киров району боюнча тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Маселе канцелярия тарабынан көзөмөлгө алынды. Жабыркаган жарандын жакындары кайрылышкан эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий