• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 10-15-09.2018

Аналитика 0

Швейцария бизнеси. Өткөн жумада швейцариянын бизнесмендер тобу Кыргыз Республикасына келишти.

Экономиканын түрдүү тармактарында иштеген Швейцариянын бизнес-чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык жөндөмдүүлүгү жана кызматташтыктын келечеги менен таанышты.

Эл аралык жумушчу кеңешинин (ЭЖК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков конокторго ЭЖКнын ишмердүүлүгү тууралуу, бизнес-ассоциация потенциалдуу өнөктөштөр менен байланыш курууда көмөктөшө аларын айтты.

“Швеццария Кыргызстанга техникалык жактан колдоо көрсөтүүнү улантып жаткандыгына ыраазыбыз, - деп билдирди ЭИКтин башчысы. Бизнес-делегаттардын келүүсү эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштары өнүгүп жаткандыгынан жана биргелешкен долбоорлор көп боло тургандыгынан кабар берет”.

Швейцариянын экономика, билим берүү жана иликтөө министри Йоханн Шнайдер-Аммандын

“Швейцария Кыргызстанга техникалык жактан жардам берүүнү улантып жатканына ыраазыбыз. Бизнес-делегациялардын келиши эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелери өнүгүп жатканынан, көбүрөөк биргелешкен долбоорлор болорунан кабар берет” - деди ЭЖКнын башчысы.

“Эки өлкөнүн мамилеси Швейцариянын экономика, билим берүү жана иликтөө министри Йоханн Шнайдер-Аммандын Бишкекке болгон сапарынан соң жаңы баскычка чыкты”, - деди Аскар Сыдыков

Түркмөнстандан газ түтүгү. Өткөн аптада Түркмөнстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай транзиттик газ түтүгүнүн курулушу ишке аша тургандыгы маалымдалды.

Өнөр жай, энергетика жана жер русурстарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозов журналисттерге билдиргендей, долбоор алгач 2013-2016-жылдары ишке ашышы керек болчу. Бирок объективдүү себептерге байланыштуу убакытты жылдырууга туура келген.

“Убакытты жылдыруунун себеби Түркмөнстандын газ рыногундагы өзгөрүүлөр болгон. Жалпысынан алганда макулдашуу ошол бойдон калган. Долбоор регионалдуу, анын узундугу 1 миң чакырымды түзөт. Ал эми Кыргызстан боюнча 218 чакырым болот. Долбоор Кыргызстанда 100 пайызга жеке инвестицияларга ишке ашат. Сумма 1 миллиарддан 1,2 миллиард долларга чейин жетет. Долбоордун алкагында курулуш иштери учурунда 1 миңге жакын жумушчу оруну түзүлөт, эксплуатация учурунда 200 жумушчу оруну түзүлөт. Компания менен жумушчулардын 80 пайызы жергиликтүү калк болот деп макулдаштык. Бул максатта бүгүн Кытайда мунайзат, газ тармагында билим алуу үчүн сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Бизде мындай адистер жок”, - деди ал.

Айласыз интервенция. Кыргызстандын Улуттук банкы өткөн жумаада кезектеги интервенцияны жасады.

КР УБнын расмий сайтында маалымдалгандай, кечээ, 10-сентябрда Улуттук банк валюта базарында 1,5 млн. доллар саткан.

Эске сала кетсек, Улуттук банк акыркы жолу 15-августта интервенция жасап, анда 19 млн. доллар саткан болчу.

Жоголуп бара жаткан кооперативдер. Кыргызстандагы кооперативдер бир орунда турат же артка жылат. Бул тууралуу Экинчи эл аралык кооперативдерди өнүктүрүү форумунда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, кооперативдер чыгарган өндүрүш аябай аз.

“Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2006-жылда болгон кооперативдердин саны 1 миң 240ты түзгөн. Бул көрсөткүч 2016-жылы 340 кооперативди түздү. Кыргызстанда 4 миң 840 адам өздөрүн дыйкандарга киргизет. Өлкөдөгү 3 пайыз айдоо жери кооперативдердин жерине кирет”, - деди Жапаров.

Ал билдиргендей, быйыл өкмөттүн жетекчилиги “Айыл банктын” жана “РСК банктын” капиталын көбөйтөт. Анын натыйжасында банк аймактардагы долбоорлорду жана дыйкандарды каржылоо үчүн насыя портфелин көбөйтө алат.

Жеңилдетилген насыя. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде дыйкандарга 5 млрд. 339 миң сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди. КР финансы министрлигинин маалыматы боюнча, бул сумма “Айыл чарбаны каржылоо – 6” долбоорун ишке ашыруунун алкагында республиканын 10 831 айылдык товар өндүрүүчүсүнө бөлүнүп берилген.

Көрсөтүлгөн сумманын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 1 млрд 479,5 млн сом, мал чарбачылыкка – 2 млрд 768,2 млн сом, кайра иштетүүгө жана кызмат көрсөтүүлөргө – 1 млрд 6,1 млн сом бөлүнүп берилди.

ИДП тууралуу. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-август айлары аралыгында 310,2 млрд сомду түзгөн.

Болжолдуу эсеп аталган көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,3% төмөндөгөнүн көрсөткөн.

Кумтөр” кен иштетүү ишканаларын эске албаганда, ИДПнын көлөмү сегиз айдын ичинде 283 млрд сомду түзүп, 2,1% өскөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү. Кыргызстанда 2018-жылдын январь айынан август айына чейин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн азайганы байкалууда.

Улуттук статистика комитеттин маалыматына караганда, жыл башынан бери өнөн жай өндүрүшүн чыгаруунун көлөмү алдын ала эсеп боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын түзүмүндө 146 миллиард сомду түзгөн.

Бул көрсөткүч анын 9,3 пайызга төмөндөгөнүн билдирет. Ал металл кендерин казып алуунун 62,4 пайызга, баалуу металлдарды чыгаруунун 18 пайызга кыскарганы менен шартталган.

Көбүрөөк мунайзат. Кыргызстанда 2018-жылдын башынан бери мунайзат өндүрүшүн өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы ылайык, өсүштүн көрсөткүчү 34,9 пайызды түзгөн, бүгүнкү күндө өлкөдө тазаланган мунайзатты өндүрүшүн өндүрүү менен 4 ишкана алектенет: “Кыргыз Петролиум Компани” ЖАК, Жалал-Абаддагы, Кеминдеги жана Кара-Балтадагы мунайзатты кайра иштетүүчү ишканалар.

Андан тышкары ведомстводон билдиришкендей, өндүрүш тармагында текстиль секторунда көрсөткүчтөрдүн 1,5 эсе, кийим-кече чыгарууда 24,9 эсе, резина жана желим буюмдарды чыгарууда жана металл эмес минералдык өндүрүштөрдү өндүрүүдө 16,8 пайызга өскөндүгү байкалган.

Тышкы соода тууралуу. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылдын январь айынан июль айына чейин 3,8 миллиард долларды түзгөн. КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсеби боюнча жетишилген сумма анын 14 пайызга өскөнүнөн кабар берет. Такталып жаткандай, экспорттук операциялар 1,6 пайызга, импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 20 пайызга өскөн.

Экспорттук жеткирүүлөрдүн азайышы алтынды жеткирүүнүн 22,2 пайызга, баалуу металлдардын кендеринин жана концентраттарынын 7,5 пайызга төмөндөшү менен шартталган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сыртка алып чыгарылган алтындын үлүшү 40,1ден 31,7 пайызга чейин, баалуу металл кендеринин жана концентраттарынын үлүшү 8,8ден 8,2 пайызга чейин төмөндөгөнү байкалган”, - деп билдиришкен адистер.

КРнын соода өнөктөштөрү. 2018-жылдын башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3,8 миллиард долларга жеткен, аталган көрсөткүчтүн үчтөн бир бөлүгү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрү менен өз ара соодасына туура келет.

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен өз ара соодасынын көлөмү 1,3 миллиард долларды түзүп, 2017-жылдын январ-июль айларына салыштырмалуу 0,3 пайызга өскөн.

Бул өлкөлөргө товарлардын импорту 2,8 пайызга төмөндөр, экспорттук жеткирүүлөр 10,4 пайызга өскөн. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (66,2%) жана Казакстанга (32,1%) туура келген.

Европа өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмү көрсөтүлгөн убакытта 541,8 миллион долларды түздү. Ал жерде экспорттун үлүшү 348,5 миллион доллар, импорттун көлөмү 193,3 миллион долларды түзгөн.

Кыргызстандын Кытай менен өз ара соодасынын көлөмү 1 миллиард 226,2 миллион долларды түздү. Бул жерде импорттун экспорттогу 1 миллард 190,2 миллиондун 36 миллион долларга катыштыгы менен салмактуу басымдуулугу белгиленип жатат.

Ушундай көрүнүш Кыргызстандын Түркия менен соода мамилесине мүнөздүү. Ал жерде экспорттун көлөмү 41,3 миллион доллар, импорттун көлөмү 168,8 миллион долларды түзөт.

Бюджеттин жетишсиздиги. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин дефицити 2017-жылдын ушул убагына салыштырмалуу 3 миллиард 727,3 миллион сомго кыскарган.

Бул тууралуу Финансы министрлигинде 2018-жылдын 1-жарым жылдыгындагы КРнын бюджетин аткаруу боюнча коомдук угууда айтылган.

Борбордук казыначылыктын директорунун орун басары Марлен Амандыковдун айтымында, 1 жарым жылдык ичинде республикалык бюджет 62 миллиард 927 миллион 757 миң сом биргелешкен кирешелерден жана 64 миллиард 775 миллион 358 миң сом биргелешкен чыгашалардан 1 миллиард 847 миллион 601 миң сом суммасындагы дефицит менен аткарылган.

Бюджеттин дефицитинин ички дүң продукциясына болгон салыштырмалуу салмагы 0,9 пайызды түщөт. 2017-жылы бул сан 2,7 пайызга жеткен.

Инвестициялык статистика. Үстүбүздөгү жылдын жарым жылында чет элдик инвесторлордун Кыргызстандын ар кайсы тармактарына болгон капиталдык салымы 247 миллион долларды түздү.

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, мындай сумма түз чет элдик инвестициялардын көлөмүнүн өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу 33,2 пайызга төмөндөгөнүн билдирет. Анда алардын көлөмү 369,5 миллион долларга жеткен.

Пайыздык катыштыкта келип түшкөн каражаттардын чоң бөлүгү геологиялык чалгындоо (19,6%) жана пайдалуу кендер (27,8%) боюнча ишканаларга багытталган.

Сырьёну кайра иштетүүчү ишканалар келип түшкөн каражаттардын жалпы суммасынан 16,1 пайыз алышкан. Финансылык ортомчулукка 11,7 пайыз каражат, маалыматтык технологиялар тармагынын өнүгүшүнө 9 пайыз, калган тармактарга 15,8 пайыз багытталган.

КРдагы чет элдик ишканалар. Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматтарына караганда, Кыргызстанда 3 миң 107 чет элдик ишкана бар. Алардын ичинен 42 пайызы (1 миң 328) биргелешкен болуп эсептелет.

Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан чет элдик компаниялардын негизги бөлүгү Бишкекке туура келет – суммардык сандын 2 миң 579у же 80 пайызы.

Ишканаларда 62,5 миңден көп адам же реалдуу экономикалык сектордо эмгектенгендердин 31,3 пайызы чет элдик инвестициялар менен алектенишет. Алардын ичинен 75 пайыздан көбү эркектер.

Чет элдик инвестициялар менен ишканалардын өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча 124,4 миллиард сомду түздү. Негизинен алар тарабынан желим идиштер, эмеректер, макарон азыктары, чай жана суусундуктар өндүрүлгөн.

КРгы өзүн-өзү актаган тармактар. Бишкекте өткөн биринчи россия-кыргыз бизнес-форумунда КР экономика министринин орун басары Элдар Абакиров өлкөдөгү өзүн-өзү актаган жана пайда алып келген беш тармакты атады. Анын айтымында Кыргызстандын өкмөтү ишкердикти жүргүзүүгө жакшы шарттарды түзүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн керек болгон бардык чараларды колдонуп жатат.

“Бул форумду биз соода-экономикалык алакаларды жакшыртуу жана бекемдөө үчүн болуп жаткан маанилүү иш-чара деп эсептейбиз. Ага байланыштуу Россиянын ишкер өкүлдөр тобу менен өткөрүлүп жаткан бизнес-форумда өнөр жай, соода-сатык жана өз ара пайдалуу байланыштар орнойт деп ишеним артабыз”, - деп билдирди Абакиров.

Ал баса белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда өнүгүү келечеги бар беш тармак бар, алардын катарында: тигүү өнөр жайы, айыл чарба азыктарын иштеп чыгуу, туризм, маалыматтык технологиялар жана медицина.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий