Ак-Босого конушунда сквер курулат

Коом 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушуна сквер курууга конкурс жарыялайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, гүл бакча конуштун Чүй көчөсү, 52 дарегинде жайгашат. Жер тилкесинин жалпы аянты 2,161 гектарды түзөт.

Долбоордо тротуар, велосипед тилкеси, балдар аянтчасы, волейбол аянтчасы, баскетбол аянтчасы, мини-футбол талаасы, скейтпарк жана велосипедчилер үчүн пандус, көрүүчүлөр трибунасы, унаа токтотуучу жайлар каралган.

Жалпы сметалык наркы 101 млн 393 миң 714,7 сом болсо, 2023-жылга 6 млн сом каралган.

Сынак тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий