• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте ишембиликтин алкагында 400 мүшөк таштанды чогултулду

Коом 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бишкекте ишемибилктин алкагында 400 мүшөк таштанды чогултулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өткөн дем алыш күндөрү Аалы Токомбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде “Тазалык” ишканасы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы биргеликте ишембилик өткөрдү. Ага жалпысынан 300гө жакын студент катышып, 400 мүшөк таштанды чогултулган.

"Үч айдын ичинде “Тазалык” муниципалдык ишканасы ыктыярчылар менен биргеликте 50дөн ашык ишембилик өткөрдү. Жалпысынан 2000 ыктыярчынын жардамы менен 3000ге жакын мүшөк таштанды чыгарылды.", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий