• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кластердик долбоорлорду ишке киргизүүнү пландап жатат

Коом 0

Бишкек, 28.01.20./Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кластердик 2-3 долбоорду ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган фонд башкармалыгынын мүчөсү Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, алар "талаадан текчеге" чейин деген жобону киргизүүнү караштырып жатышат.

"Фонд тарабынан каржыланган долбоорлор баштан аягына чейин көзөмөлдөп турууга муктаж. Бул ыкма фонддун ресурстарын натыйжалуу колдонууга жана бутка турууга мүмкүндүк берет", - деп кошумчалады Аалиев.

Ал баса белгилегендей, азыркы учурда координациялык топ демилгеленген. Анын ичине фонддун өзү, эки мамлекеттик банк жана кепилдик фонду кирет.

Пикир

Оставить комментарий