• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ак-Буура суусуна кулаган унаа табылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Ноокат районунун Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымында Ак-Буура дарыясына кулап түшкөн унаа табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 14-июль күнү Ош облусундагы Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунунун 60-чакырымында жеңил унаа Ак-Буура суусуна түшүп кеткен. Министрликтин маалыматы боюнча, сууга кулап кеткен ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаада 3 эркек жана 1 аял киши болгон. 14-июль күнү саат 19:50дө 56 жаштагы Р.И. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. 15-июль күнү болжол менен саат 07:20да 73 жаштагы Р.Э. аттуу эркек кишинин денеси табылган. Ошол эле күнү саат 19:00дө жергиликтүү тургундар 59 жаштагы Р.И. аттуу аял кишинин жансыз денесин таап, милиция кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми кечээ, 16-июлда саат 12:45те сууга кулаган унаа табылып, анын ичинде эч ким болгон эмес.

Бүгүн төртүнчү адамды издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий