• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токмокто сарай толугу менен, анын ичиндеги 8 бодо мал кошо күйүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 18.03.20./Кабар/. Токмок шаарында сарай толугу менен, анын ичиндеги 8 бодо мал кошо күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарында жалпы аянты 375 чарчы метр сарай толугу менен, 8 бодо мал, 300 түк саман, 300 түк чөп, 2 тонна жүгөрү, 3 куб метр отун күйгөн.

Өрттүн себеби балдардын от менен болгон шоктугу.

Пикир

Оставить комментарий