• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирус аныкталган адамдар менен учуп келген 90дон ашык адам обсервацияга жаткырылды

COVID - 19 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Коронавирус аныкталган адамдар менен учуп келгендердин ичинен 90дон ашык адам обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Ал белгилегендей, Сауд Арабиясына умрага барып келген үч адамда коронавирус бар экени тастыкталган.

"Алар учуп келген каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси такталып, 90дон ашык адам обсервацияга жаткырылды", - деди ал.

Ал белгилегендей, алар 12-март күнү учуп келип, жалпы 135 киши болгон.

Пикир

Оставить комментарий