Бишкек, 24.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бийик тоолуу экосистемалардын элчиси болгон ак илбирс – аймактын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсүнүн жана бийик тоолуу экосистемалардын сакталышынын символу. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Ак илбирстин эл аралык күнүн жарыялоого арналган иш-чарада билдирди.
Асеин Исаев белгилегендей, БУУга даярдалган резолюциянын долбоорун илгерилетүүнүн башталышында Кыргызстан негизги топту түзгөн. Документ ак илбирс байырлаган Бутан, Кытай, Индия, Казакстан, Монголия, Непал, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын атынан сунушталган.
“Учурдан пайдаланып, бул демилгени бир добуштан колдогондугу үчүн бул өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Ошону менен бирге резолюциянын тең-демөөрчүсү катары 61 өлкө киргенин баса белгилейм. Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү, глобалдык жылуулук, мөңгүлөрдүн эриши жана табигый кырсыктар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу үчүн чечкиндүү чараларды жана биргелешкен аракеттерди талап кылат. Ак илбирс – бийик тоолуу экосистемалардын элчиси – аймактын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсүнүн жана бийик тоолуу экосистемалардын сакталышынын символу катары билебиз”, - деди ал.
Ошондой эле Асеин Исаев бул демилге Кыргызстандын дагы бир демилгеси менен шайкеш келерин, аны дагы БУУга бардык мүчө мамлекеттер бир добуштан колдогонун айтты.
“2021-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясы “Жаратылыш чек араны билбейт: Трансчегаралык кызматташуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун жана пайдалануунун негизги фактору” деген резолюция кабыл алынган. Бул резолюция курчап турган чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен кечиктирилгис чараларды көрүүгө багытталган. Ак илбирс тоо экосистемасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ак илбирстер дүйнөнүн суу мунаралары деп эсептелген Азиянын бийик тоолорунда кездешет. Бул тоолор дүйнө калкынын 60%га чейин суу менен камсыз кылуу жана көптөгөн экосистемалык кызматтарды көрсөтүү менен адамзаттын жыргалчылыгы үчүн аймактык жана глобалдык мааниге ээ”, - деп белгиледи тышкы иштер министринин биринчи орун басары.
Мындан тышкары ал Эл аралык Ак илбирс күнүн жыл сайын белгилөө экологиялык демилгелерди колдоого жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенерин, Тышкы иштер министрлиги аталган демилгелерди толугу менен колдоого даяр экендигин кошумчалады.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 30-декабрындагы жарлыгы менен Кыргызстанда ак илбирс өлкөнүн улуттук символу катары таанылган. Буга байланыштуу министрлер кабинетине ак илбирстин популяциясын, анын экосистемасын коргоо боюнча чараларды көрүү тапшырылган.
Белгилей кетсек, ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин кызыл тизмесине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек кездешүүчү же жоголуп бара жаткан түр статусуна ээ.
Пикир
Оставить комментарий