• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өлкөдө бала бакчага барган балдардын саны өстү

Коом 0

БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. Республикада 6 жылда мектепке чейинки даярдыктарга барган балдардын саны 73 миңден 137 миң балага чейин өскөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүльмира Кудайбердиева өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2011-2012-жылы “Туруктуу өнүктүрүү улуттук стартегиясы” калыптанып баштаганда балдардын 14% гана бала бакчага барууга мүмкүнчүлүгү болгон.

“Мына ушундан улам “Туруктуу өнүктүрүү улуттук стартегиясынын” негизги багыттарынын бири болуп мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу болгон. Алты жыл аралыгында 73 миң баладан 137 миң бала балдар бакчасына баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ошондой эле, мектеп алдындагы билим берүү 240тан 480 саатка көбөйгөн. Республикалык бюджеттен корогон каражаттын көлөмү 20 эсеге өсүп - 12,3 млн сомдон 229,9 млн сомго чейин жетти”,-деди министр.

Пикир

Оставить комментарий