• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында троллейбус айдоочулары ишке чыгышты

Аймак 0

ОШ, 10.08.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында троллейбус айдоочулары саат 14:00дө ишке чыгышты. Бул тууралуу алардын бири Рысбек Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, маселени администрация жана эмгек жамаат менен талкуулоо эртеңкиге жылдырылган. “Эртең 09:00дө бизге мэриянын өкүлдөрү, вице-мэрлердин бири келишет. Бизге комиссия километражын, канча жүргүнчү түшөөрүн толук текшерип, каттам үчүн жаңы план коюла турганын билдиришти”, - деп белгиледи ал.

“Ошондой эле, бизге жолдомодо көрсөтүлгөн сумманы төлөрүбүздү маалымдашты. Өзүнчө 80 сом төлөбөйбүз, эгерде жолдомого жазылса төлөнөт”, - деп белгиледи Кадыралиев.

Эскерте кетсек, бүгүн Ош шаарынын троллейбус айдоочулары нааразычылык билдиришип, ишке чыкпай коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий