• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто милиция айдоочу менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында милиция кызматкерлери айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Араван районунун автобекетинде жана соода түйүндөрүндө жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттун айдоочулары жана жеке менчик таксисттерге жаңы кабыл алынган кодексттердеги айдоочуларга тийиштүү беренелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо, кыш мезгилинде кышкы дөңгөлөктөрдү алмаштыруу боюнча эскертилди.

Жүргүнчүлөргө талаалап жүргөн мал жандыктарды кароосуз калтырбоону, кароосуз калган мал жандыктар жолго чыгып жол кырсыгынын келип чыгышына жол бербөө боюнча эскертилди.

Келе жаткан жаңы жылга байланыштуу иш-чараларга жүргүнчүлөрдү ташууда жол эрежесин так сактап жүрүүсү, спирт ичимдиктерин ичип алып мас абалда айдабоо керектиги дагы эскертилди.

Андан сырткары, Кара-Суу шаарындагы автобекеттеги жүргүнчүлөрдү ташыган Кара-Суу - Ош, Кара-Суу - Мөнөк, Кара-Суу - Куршаб, Кара-Суу - Мамажан, Кара-Суу - Кашкар-Кыштак багытындагы каттамдын айдоочуларынын арасында 2021-жылдын 1-декабрынан баштап күчүнө кирген кодекстердеги талаптар боюнча маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий