• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ош шаарынын мэриясында салык боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-2-сентябрында унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Андыктан Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлерине салыктарды төлөө боюнча жыйын болуп, түшүндүрүү иштери жүрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында унаа каражаттарына, турак-жай мүлктөрүнө, жер тилкелерине салык төлөмдөрүн берген кызматкерлер текшерилип, төлөбөгөндөр жеринде терминал аркылуу акча каражатын которушту.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин унаа салыгын, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Пикир

Оставить комментарий