• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад шаарында 180 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад шаарында 180 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балдар бакчасы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бала бакчанын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, ички эмеректерине, керектүү каражаттарына демөөрчүлүк кылган жеке ишкерлер, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана шаар тургундар катышты.

Бала бакчанын имараты жеке жактан шаардык мэриянын муниципалдык менчигине өткөндөн кийин ага жергиликтүү бюджеттен 7 миллион 447 миң сом каражат бөлүнүп, 2 кабаттан турган бала бакча толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Ал эми бала бакчанын эмеректерин, ашкана буюм-тайымдарын сатып алууга шаардагы бир нече курулуш компаниялар демөөрчүлүк кылган.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 23 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар. Анда 4369 бала тарбияланып келет. Учурда шаар аймагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатса, мекеме-ишканаларга берилип кеткен бир топ бала бакчалардын имаратын кайтаруу иши жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий