• 87
  • 90.41
  • 0.84

“Ак илбирсти сактайлы” спорттук жарышы. Кайсы көчөлөр жабылат?

Коом 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Дем алыш күнү, 9-октябрда Бишкек шаарында "Ак илбирсти сактайлы" эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган спорттук иш-чарага байланыштуу саат 6:00дөн баштап марафондун катышуучулары чуркай турган көчөлөр тосулат.

Жабылуучу көчөлөр:

- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
- Иманалиев көч. Абдрахманов көчөсүнө Ч.Айтматова проспектисине чейин;
- Масалиев көч. Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Айтматов көчөсү Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий