• 87
  • 90.63
  • 0.79

“Ак-Кула” ат майданынын ордуна турак жайлар жана соцобъекттер курулат

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында мурдагы “Ак-Кула” ипподромунун аймагын өткөрүп берүү боюнча “РЦА Ливинг” ЖЧКсы менен келишимге жана макулдашууга кол коюлду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, келишим боюнча жер тилкесин 49 жылга пайдалануу үчүн шаардык бюджетке 5,8 млрд сом өлчөмүндө төлөм каралган.

Ошондой эле 3,5 млрд сом суммасында Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү менен 3 мектеп, 3 бала бакча, парк зоналары, жолдор жана тротуарлар курулат. Эски ипподромдун ордунда заманбап турак жайларды, бизнес борборлорду салуу да пландалууда.

Инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 87 млрд сомду түзөт.

Мындан тышкары, инвестор шаардын башкы планын иштеп чыгууга каражат бөлүүдө. Натыйжада муниципалитетке 10 млрд сомго чейин киреше түшөт.

Пикир

Оставить комментарий