• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Ак-Ордо конушунда маршрутканы артынан келип сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Ак-Ордо конушунда №169 маршрутканы артынан келип сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, аталган факт боюнча КЖКнин 312-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Кармалган айдоочу 1991-жылы туулган Т.Ч. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда.

Эске сала кетсек, күн мурун Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен маршрутканын бир жүргүнчүсү каза болуп, 10го жакын адам жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий