• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бирөө каза болду, жабыркагандар бар. Бишкектин четинде жүк ташуучу унаа маршрутканы артынан келип сүздү

Кырсык 0


Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда жогорку ылдамдыкта келген жүк ташуучу унаа жүргүнчү ташынган №169 маршрутканы артынан келип сүзгөн. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалыматка ылайык, алты адам жабыркап, бирөө каза болду.

Ошондой эле ведомстводон кошумчалашкандай, ыкчам маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу уктап кеткен.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий