• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дордой конушундагы 140 орунга эсептелген бала бакчанын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Дордой конушунда бала бакчанын курулушу уланууда, деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Подряддык уюм тарабынан курулуш-монтаждоо иштери, имараттын ички жасалгасы, откананы мантаждоо иштери аяктады жана тышкы жасалгалоо иштери башталды.

Жер участогунун жалпы аянты - 0,57 га, ал эми жайдын аянты - 1600 чарчы метр. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси эки блктон турат, жалпы 140 орунга эсептелген.

Имаратта уктоочу, оюн-зоок бөлмөлөрү, кампа, ашкана, жуунуу жайы, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Подрядчы — «Монолит Строй» ЖЧКсы.

Пикир

Оставить комментарий