• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Электрондук социалдык паспорт эмне үчүн керек? Эмгек министрлигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги электрондук социалдык паспорттор эмне үчүн керек экенин айтып берди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, электрондук социалдык паспорт КР министрлер кабинетинин иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында өткөн жылдын март айынан бери жүргүзүлүп жатат.

Социалдык паспортто аз камсыз болгон үй-бүлөнүн курамы, бакубаттуулугунун деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жөнүндө маалыматтар камтылат. Алардын негизинде социалдык колдоо чаралары иштелип чыгат.

Социалдык паспортту түзүүдө үй-бүлөнүн, майыптыгы бар жарандардын, анын ичинде балдардын, улгайган жарандардын жана калктын башка категорияларынын социалдык же гуманитардык (азык-түлүк) жардамга муктаждыгы эске алынат.

Министрдин орун басары Улан Чаначев түшүндүргөндөй, электрондук социалдык паспорт калкка көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик жардамдын натыйжалуулугун жана даректүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

"Мындан тышкары, социалдык паспорт ведомстволор аралык кызматташууга көмөктөшөт, социалдык маселелерди натыйжалуу чечүү жана региондогу калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн күч-аракеттерди жана ресурстарды бириктирет.

Системанын толук кандуу иштеши үчүн айыл өкмөтүнүн жана министрликтин 1,7 миңден ашык кызматкерлери окутулду. Азыркы учурда 229 миң 159 электрондук паспорт түзүлгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий