• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ак-Ордо конушунда милициянын аймактык пункту ишке берилди

Коом 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо конушунда милициянын аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Дамир Исаков, Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Майрамбек уулу Сыргак, Сокулук РИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Д.Исаков милициянын аймактык пуктун курууга салым кошкон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, конуштун жашоочулары үчүн ишенимдүү таяныч болорун кошумчалады.

Жаңы ишке берилген милициянын аймактык пунктуна 8 милиция кызматкери бекитилип, кызматкерлерге толук шарттары түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий