• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Жыл башынан бери 1 193 долбоорлоо-нарктоо иш кагазынын экспертизасы жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын башынан бери 1 193 долбоорлоо-нарктоо иш кагазынын экспертизасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мамкурулуштун мамлекеттик экспертиза департаментине 2020 жылынын башынан долбоорлоо-нарктоо иш кагаздарынын 1 640 даанасы түштү, алардын ичинен:

Анын ичинен долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын 1 193 даанасына техникалык - долбоорлоо экспертизасы жүргүзүлүп, 138 документтери каралууда.

Ал эми 309 долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын кайра толуктап иштеш үчүн кайтарылып берилген.

Белгилей кетсек, баардык курулуш имараттар жана курулуш объектилери бекемдүүлүккө, көтөрүмдүү жөндөмдүүлүгүнө, туруктуулугуна, жер титирөөдө чыдамдуулугуна, узакка пайдаланууга, селге жана көчкү коопсуздугунан сактануу боюнча жана ошондой эле техникалык эсептөө негизин камсыздоодо интенсивдүүлүгү 8-9 жана андан көп баллга таасир берүүдө басым кылуу күчүнүн өзгөчө айкалышын камсыздоо боюнча экспертиза жургүзүүгө туш болушат.

Ошондой эле майыптардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо чөйрөсүнүн талаптары (пандустар жана чакыруу кнопкалары), ар дайым долбоорлоо учурунда ченем нормаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий