• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, 6-8-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Алар:

  1. Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
  2. Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;
  3. Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий