• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен электр тармактар ишканасында 2 жаңы имарат курулууда

Аймак 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Учурда Баткен электр тармактар ишканасынын жана Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын административтик имаратынын курулушу жүрүүдө.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, курулуш иштер 60 пайызга аяктап калды, имарат 2024-жылдын күз айларына чейин пайдаланууга берүүсү күтүлүүдө. Мында кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар пландалган.

Белгилей кетсек, Баткен электр тармактар ишканасынын имараты жок болгондуктан Баткен райондук электр тармактар ишканасынын имаратында жайгашып турат. Ал эми Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын имараты эскилиги жеткен. Курулуштар "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан каржыланууда.

Мындан сырткары, быйылкы жылда облуста 87,8 чакырымга электр аба чубалгысы жаңыдан тартылып, 66 чакырым аба чубалгылары реконструкцияланат. Ошондой эле 26 даана трансформатордук жаңы көмөк чордондор орнотулуп, эскилиги жеткен 23 даана трансформатордук шкафтар алмаштырылат жана 4 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылат.

Белгиленгендей, бул иш-аракеттер калкты электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга жана Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий