• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Жалал-Абадда кудуктан эркек киши менен өспүрүмдүн сөөгү табылды

Аймак 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Жалал-Абадда суу кудуктан эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Чарбак айылында таза суунун кудугунда 2 адамдын жансыз денеси жатат деген билдирүү түшкөн.

"Жерине үч куткаруучу тартылып, кудуктан 1976 жана 2003-жылы туулган жарандардын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кырсыктын себептерин тактоо иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий