• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Күмөндүү лотореяларга ишенбегиле! ИИМ жарандарды сак болууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда өлкө жетекчилигинин атынан ойнотулуп жаткан ар кандай күмөндүү акцияларга, лотореяларга ишенбөөгө чакырат.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын аймагында белгисиз адамдар өлкө жетекчилигинин атынан күмөн жараткан ойнотууларды жана акцияларды өткөрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. ИИМ буга байланыштуу республикада өлкөнүн жогорку жетекчилигинин өкүлдөрүнүн атынан эч кандай күмөн жараткан ойнотуулар жана акча чогултуулар өткөрүлбөгөнүн маалымдайт.

"Урматтуу жарандар! Абийирсиз адамдардын алдамчылыгынын курмандыгы болуп калбоо үчүн сак болууга жана мындай аракеттерге ишенбөөгө чакырабыз. Чоң суммадагы сыйлыктарды сунуштаган күмөн жараткан лотереяларга, викториналарга жана сурамжылоолорго катышпаңыз. Социалдык тармактарда эч ким лотерея жана конкурстарды өткөрбөйт", - деп айтылат билдирүүдө.

Ички иштер министрлиги чагымчылдыкка алдырбоого, текшерилбеген аккаунттар боюнча күмөн жараткан лотереяларга катышуудан этият болууга, жеке маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий