• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сурабалдиева жашы жете электерди никеге тургузуу ырымына жол бербөө боюнча ишти жүргүзүүнү сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.10./Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы менен биргеликте дин кызматкерлери жана калк арасында жашы жете элек жактарды никеге тургузуу ырымына жол бербөө боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдарга Ысык-Көл облусундагы 18 жашка чыга элек кыздын никеге туруусуна тийиштүү абалды териштирүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий