• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Төрөбаев: Биздин максат инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну колдоо

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунда көчмө жыйын өткөрүп жатып, Министрлер Кабинетинин негизги максаттарынын бири аймактарда ишканаларды ачуу жана жаңы бизнес идеяларды ишке ашыруу экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, бул максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңеши түзүлгөн. Координациялык кеңеш тарабынан энергетика, жеңил өнөр жай, фармацевтика, тейлөө чөйрөсү сыяктуу экономиканын ар башка тармактарындагы долбоорлор каралып ишке ашырылууда.

Ошону менен бирге Координациялык кеңештин тапшырмасына ылайык “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун түзүмүндө бизнес-пландарды жана долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн долбоордук кеңсе түзүлдү. Жолугушууда долбоордук кеңсенин өкүлдөрү бизнес-идеялардын онлайн маалымат базасын түзүү планын айтып берди.

Ошондой эле, фонд жалпы улуттук маалыматтык кампаниясын уюштуруу, аймактардагы долбоорлор жөнүндө маалымат чогултуу, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн бизнес-план жазууга жана арыз берүүнү үйрөтүү жөнүндөгү пландарын ишке ашыруу боюнча кошумчалады.

Эскерте кетсек, “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фонду 2019-жалдан тартып аймактарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, ишканаларды ачуу, социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу максатында түзүлүп, өз натыйжасын көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда Бакыт Төрөбаев Социалдык өнөктөштүк фондуна ишти активдештирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ал эми, ишкерлерди инвестиция тартуу маселелери боюнча долбоордук кеңсеге кайрылууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий