• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Ак-Өргө конушунда тез жардам станциясы ачылды

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда тез жардам станциясы ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, медициналык мекемеде амбулатория, фельдшердик пункт, жетекчинин кабинети, медициналык кабинеттер, диспетчердик пункт, тазалоочу шаймандарды сактоо үчүн санитардык жай, дары-дармектер үчүн кампа жайгашкан.

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан бүгүнкү күндө унаа токтотуучу, унаа жуучу жайларды уюштуруу, ошондой эле ички жана тышкы тармактарды куруу иштери аткарылды.

Эскерте кетсек, тез жардам станциясынын курулушу Катар кайрымдуулук фонду менен биргеликте каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий