Кыргызстанга Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган делегация келди

Саясат 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанга Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган парламенттик делегация келди.

Сыйлуу конокторду "Манас” эл аралык аэропортунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекке Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясына катышуу үчүн Россия, Азербайжан, Беларусь, Армения, Өзбекстан жана Тажикстандын парламенттик делегациялары келишкен.

Пикир

Оставить комментарий