• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Ак-Өргө конушунда тез жардам станциясынын имаратынын курулушу аяктады

Коом 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Бишкектин Ак-Өргө конушунда тез жардам станциясынын имаратынын курулушу аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда унаа токтотуучу, унаа жуучу жайларды, ошондой эле ички жана тышкы тармактарды куруу үчүн аймакты көрктөндүрүү иштери башталды.

Медициналык мекемеде амбулатория, фельдшердик пункт, жетекчинин кабинети, медициналык кабинеттер, диспетчердик пункт, тазалоочу шаймандарды сактоо үчүн санитардык жай, дары-дармектер үчүн кампа, ошондой эле ординаторлор жайгашкан.

Курулуш долбоорунда ошондой эле унаа токтотуучу жай, унаа жуучу жай, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий