• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы: Жеңилдиктерге ээ болгондор коомдук транспортту акысыз пайдалана алат

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, өз кезегинде, тарифтердин көтөрүлүшү автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүүгө укугу бар Бишкек шаарынын төмөнкү категориядагы жарандарына таасирин тийгизбейт:

- пенсионерлер;
- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, I, II, III топтогу майыптар;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- 7 жашка чейинки балдар;
- өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн "Кыргызпочтасы" мамлекеттик почта ишканасынын почтальондору.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы пенсионерлер үчүн маршруткаларда пенсиялык күбөлүккө жеңилдетилген картасы бар болсо, жол кире акысы 8 сом өлчөмүндө сакталып, бирок колдонуу мөөнөтү 9:00дөн баштап 17:00гө чейин кыскартылды.

Пикир

Оставить комментарий