Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Кыргыз эли көздүн карегиндей сактап аяр мамиле кылган жайыттар жашообузда чоң роль ойноп келет. Элибиздин жайытка болгон жакшы мамилесинен улам жайыттарыбыз кулпуруп көз жоосун алган гүлдөргө толуп, кунары качпай сакталып турган. Кийинки союз мезгилинде өкмөттүн планын толтурабыз деген ур токмок менен малдын саны көбөйүп, негизги эсеп учёту эттин планын аткаруу менен алек болуп, малдын башына басымдуулук жаcалып, жайыттарды мал туягы такырлатып жиберген. Союздун тарашы менен инфраструктуралар каралбагандыктан жолдор бузулуп, көпүрөлөрдү сел алып же такыр керектен чыгып, малчылардын алыскы жайыттарга барышы чоң көйгөйдү жаратып, ал тургай чыкпай да калышкан.
Өз алдыбызча эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы жылдары айыл-чарбасын реформалайбыз деген урааны менен айыл-чарба объектилери, мал кармаган короо-сарайлар, кашарлар, мал баккан чабандардын үйлөрү жана бодо-мал менен кой-эчки, айыл-чарба техникалары менен кошо үлүшкө таркатылган. Элет жериндеги үлүшкө ээ болгон жашоочуларга, дыйкандарга ошол мезгилде колдоочу катары багыт көрсөтүп кызматташкан коомдук уюм болбогондуктан кыйынчылыктарга дуушар болушкан.
Элдин тилеги ишке ашып, 2009-жылы Жайыттарды башкаруу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биринчи Кыргызстанда Жайыттарды башкаруу боюнча мыйзам кабыл алынган. Дың жерге соко салгандай бардык айыл аймактарда жайыттарды башкаруу түзүмү бирдей жүрүп кеткен жок. Элеттеги коомчулук маалыматка муктаж болуп мал-чарбасында жана жайытты пайдаланууда көптөгөн көйгөйдүн чечилишине үмүттүү карап келечеке ишенич артып турду. Жер-жерлерде түзүлгөн жайыт пайдалануучулар бирикмелери элдин арсында бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Атайын даярдалган программалар менен окутуу-үйрөтүүчү семинар тренингтер байма-бай өтүп жатты. Албетте мындай зор көлөмдөгү иштерди жүргүзүүдө жайыт пайдалануучулар бирикмелерине Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн аткарган иштери купулга толорлук. Аталган бөлүмдө ишке ашып жаткан долбоорлор аркылуу көптөгөн жайыт комитеттерине жардам берилип келет. Алардын бири Москва районунун Ак-Суу айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси. Жайыт комитетинин жетекчиси Замир Алымкулов долбоорлордун жардамы, Жайыт комитетиндеги ишмердүүлүк туурасында айтып берди.
Ак-Суу айылдык айыл аймагы жети айылды камтыган чоң айыл өкмөттөрдүн катарына кирип, калктын саны 9005 адамды түзөт. Малчылардын жайытка болгон акы төлөөсү кыйындыкты туудуруп келген. Бирок убакыттын өтүшү менен түшүнүү менен карап, мерчемделген бюджет толууда. Жайыт пайдалануучулар дыйканчылык менен дагы алектенишип, өзүлөрүнүн чарбачылыктары да бар. Алардын бири эң чоң “Мариям” чарбачылыгы. Бул чарбачылык негизинен жер менен көбүрөөк алектенет. Жылдан жылга малдын саны көбөйүүдө.
Айыл өкмөттүн жүргүзгөн санагы же чарба китебиндеги маалыматтар менен биздин жайыт комитетинин маалыматы менен салыштырганда, экөө эки бөлөк чыгууда. Азыр биздин айыл өкмөттө 12000 кой бар, 2200 саан уй таза саны, ал эми жылкынын саны 1500, баарын кошкондо он сегиз миң башы болот. Демек, Жайыт пайдалануу бирикмеси айыл аймагындагы малдын санын тактоодо Айыл өкмөткө туура, так эсебин аныктоо менен маанилүү жардам берип келет десек жаңылышпайбыз.
Союз таркагандан кийин чарбанын баары каралбай, мурда курулган объектилерге көңүл бурулбай ошол бойдон талкаланып калып калган. Ал тургай жайлоого кетчү жолдорду сел жууп кеткен. Ушундай учурда жардамга келген “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоору болду. Долбоордун ишмердүүлүгү аркылуу биздин жайыт комитетине техникалык экскаватор алынып келди. Экскаватор жайыт пайдалануучулардын көйгөй жараткан маселесинин чечилишине чоң жардам болду. Арыктарды тазалап, дөңсөө жерлерди түздөгөндө аталган техника абдан керектүү экен.
Бизде малчылар жакшы бара албай жүргөн “Темене” деген аймагыбыз бар. Ал аймакта эки жарым миң гектар жайыт жер бар. Ошол жакка жол салсак, өз пайдабызга иштетип баштайбыз деген максаттарыбыз бар. Жолду бүтүрүп алсак, кайрадан долбоордун жардамы менен атайын жабдылган техника алсак деп жатабыз. Себеби: биздин жайыт пайдалануучулар долбоор менен тыгыз кызматташып анын натыйжасы көрүнүктүү мааниге ээ экендигине ынанышты. Жайыт комитети болуп иштеп баштагандан бери Жайыт жерлерин туура пайдаланууга аракет жасап жатабыз. Мал оттобой чөптөр басып кеткен жерлер бар экен. Акырындык менен калыбына келип жатат. Ага көп каражат деле кетпейт экен, жөн гана мал жайдырбай эс алдырыш керек экен. Биздин ишибизди алдыга жылдырууда биргелешкен аракетибиз жакшы болуп жатат. Ар бир айылда ден-соолук комитеттери бар. Алар менен жана ветеринардык доктурлар болуп биргеликте тыгыз байланышта иштеп жатабыз. Жергиликтүү калкка малдарын дарылатууну сөзсүз жүргүзбөсө адамдар ооруп калат дегенди түшүндүрө алдык. Бул маселе туралуу бизге чоң колдоо көрсөтүп, долбоордун алкагында жайыт пайдалануучуларга көптөгөн окуулар-тренингтер өтүп, айыл ичиндеги калкка долбоордун адистери, ветеринардык адистер кеңири маалымат берип келишет. ”Баарын кадр чечет”,- деген туура экен. Жайыт комитетинде иштегендерди мен патриоттор деп айткым келет.
Мени ойлондурган маселе бизде жайыттын баары тоо этекте, аймактар менен бөлүштүрүлгөн. Он эки айыл өкмөттүн жери биз жакта, алар биз аркылуу жайытка, жайлоого өтөт. Анан биз кыйынчылык менен салган жолду пайдаланышат. Бирок, бирге иштешүүгө макул болушпайт. Жолдон мал өтөт кык калат, жүн кыркып ошол жакка таштап кетишет, жаратылыш булганат. Ошондон көйгөйлөр пайда болот. Жүндү кайра иштетүүчү завод дагы жок. Былтыр Ошко “Кыргыз Жайыты” жайыт пайдалануучулардын республикалык ассоциациясы менен бардык. Ошто Кара-Сууда Мады деген айыл өкмөтүндө ишкана ачылып келин кыздар жалпы эле аялзаты ак койлордун жүндөрүн даярдап он эсе кымбат сатышат экен.
Негизинен эле жалпы малдын жүнүн, этин кайра иштетүүчү чакан завод куруп ишке салсак, жакшы натыйжа болот эле. Анткени малдын өзүнүн башы бир баа болсо, андан өндүргөн продукциясы өзүнүн турган баасынан да жогору болот. Ал үчүн чет элден келип жаткан инвестицияны туура пайдаланып долбоорлор менен жакшылап иштешсек болот. Акыркы мезгилде долбоордун колдоосу менен жайыт пайдалануу бирикмелерин өз-ара иш-тажрыйбалары менен тааныштыруу максатында жер-жерлерге барып тажрыйба алмашып келүүдөбүз. Тажрыйба алмашуу практикасы жакшы жыйынтык берет экен. Мындай саамалыкты улантуу керек.
Уйлардын да асыл тукумдуулугун жогорулатуу каралып жатат. Элибиз акырындап малдарын асылдандырып жайыттарды үнөмдүү пайдаланууга өтүп жатышат, сандан-сапатка өтүү жагына көңүл бөлүүдө. Бул да болсо жайыттардын жакшырышына, аны сактап калууга түзүлгөн бирден-бир мүмкүнчүлүк деп билсек болот.
Пикир
Оставить комментарий