• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмгек министрлиги жана биринчи айым жетектеген фонд 1,1 миң балага кийим-кече тапшырды

Коом 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жетектеген "Эне - балага тирек" коомдук фондунун колдоосу менен Ак-Суу районунун 1 миң 100дөн ашык баласына кийим-кече жана бут кийим тапшырды.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жардам алуучалардын тизмесине тоголок жетим балдар жана муктаждыгы боюнча жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары киришти.

"Айрымдар дароо кийип алган спорттук бут кийимдер өзгөчө кубаныч тартуулады. Буга чейин да бут кийим түрүндө мындай жардамды министрликтин 17 социалдык стационардык мекемелерине берилген. Аларда 2,3 миңден ашык улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, чоңдор жана психоневрологиялык оорулары бар балдар жашайт", - деп айтыат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий