• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Башкы прокуратура: Шыкмаматов менен Жапыкеевге кылмыш иши козголгон жок

Коом 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы тарабынан Алмамбет Шыкмаматов менен Сыймык Жапыкеевге карата кылмыш иши козголгон эмес жана кандайдыр бир тергөө амалдары жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Башкы прокуратура учурда массалык маалымат каражаттарында Шыкмаматов менен Жапыкеевге кылмыш иши козголгон деген маалымат чыгып жатканын белгилеп, ал маалымат туура эмес экендигин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий