• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ЖЭБди калыбына келтирүү. Учурда 610 адам, 18 техника иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуга дагы күч тартылып учурда жалпы 610 адам, 18 техника иш алып барууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен ӨКМден 27 куткаруучусу жана 5 техника, ИИМден 8 кызматкер 1 техника, Бишкек ЖЭБден 483 кызматкер 6 техника, Бишкек электр тармактар ишканасынан 10 кызматкер, 3 техника, курулуш компаниялардан 82 кызматкер, 3 техника тартылган.

Белгилей кетсек, ЖЭБдин имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктоо алдында турат.

Учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда.

Кызматкерлерге жумушту баштоо алдында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип, ысык тамак менен камсыз болууда.

Ошондой эле жеринде жылынуу пункту катары 4 чатыр тигилген.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий