• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы жүк ташуучу 10 унаа сатып алды

Коом 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кара-Кече көмүр кени үчүн сатылып алынган оор жүк ташуучу техниканын ачкычын айдоочуларга тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Кыргызкөмүр" МИ 10 даана "Хово" үлгүсүндөгү жана бир "Нива" үлгүсүндөгү техниканы тендер аркылуу сатып алды.

Министр Доскул Бекмурзаев техникалардын ачкычын айдоочуларга тапшырып жатып, элди көмүр менен камсыз кылып, өз убагында жеткирүү үчүн мындай техникалар зарыл экенин баса белгилели.

"Биз буга чейин элди көмүр менен камсыз кылууда, оор техникалардын жетишсиздигинен жеке айдоочуларга көз каранды болуп келгенбиз.Себеби "Кыргызкөмүр"МИнын өзүнүн "Хово" үлгүсүндөгү техникасы жок болчу. Мындан ары бул көйгөйдөн кутулабыз. Мына бүгүн 10 оор жүктөгү техниканы сатып алдык, буюрса алдыда дагы кошумча алабыз деген пландарыбыз бар"- дейт министр.

Муну менен катар министр «Кара-Кечеден» 1 жылда 800 миң тонна көмүр казылганын белгиледи.

«2020-жылга салыштырмалуу 243 миң тоннага көп. Быйылкы 800 миң тоннанын 510 миңи сентябрдан декабрга чейин казылды. Былтыр акыркы 4 айда 345 миң тонна казылган», - деди Доскул Бекмурзаев.

Пикир

Оставить комментарий