• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Чернобыль кырсыгынын жоюлгандыгынын 37 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Бишкекте Чернобыль кырсыгынын жоюлгандыгынын 37 жылдыгы белгиленди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, митинг-реквиемдин катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, Чернобылчылардын эстелигине гүл коюшту.

Учурда Бишкекте Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкты жоюуга барган 241 адам жана алардын жесирлери жашайт, алардын 162си майып, 64тү Чернобылдын катышуучуларынын жесирлери, 15и Чернобыль катышуучулары.

Эскерүү датасынын урматына Чернобыль АЭСинин майыптарына, жесирлерине жана Чернобыль АЭСинин катышуучуларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир жолку материалдык жардам төлөнөт. Бул максаттарга 1 млн 660 миң сом каралган.

Белгилей кетсек, иш-чарага Бишкек мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Светлана Кенжебаева, коргоо министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Бактыбек Жапаров, "Бишкек шаардык коому" Чернобыль союзу" ардагерлер жана майыптар коомдук бирикмесинин төрагасы Тилек Өмүрбеков катышты.

Пикир

Оставить комментарий