• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Аймактардагы аялдардын IT-сабаттуулугун жогорулатуу боюнча тренинг өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Үстүзбүздөгү жылдын 30-июнунда Кыргызстандын аймактарындагы аялдардын IT- сабаттуулугун жогорулатуу боюнча онлайн-тренинг өтөт.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, тренинг Кыргызстандын аймактарындагы аялдар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана санариптик чечимдерди пайдалануу жаатында санариптик сабаттуулугун жогорулатуу үчүн өткөрүлүүдө.

Иш-чара Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулган. Тренинг акысыз, кыргыз тилинде өтмөкчү. Башталышы саат 10:00.

Тренингге катышуу үчүн шилтемени басып каттодон өтүү зарыл. Андан кийин сиздин электрондук почтаңызга zoom-вебинарга чакыруу жөнөтүлөт. Байланыш телефону: (+996) (704) 000-144.

Тренингдин программасы.

Пикир

Оставить комментарий