• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жалал-Абадда Сот департаментинин 2 кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек. 27.06.23/Кабар/. Сот департаментинин Жалал-Абадда облустук башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин тутумунда коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө 26-июнда департаменттин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө боюнча адиси К.Р.С. жана башкы адиси А.Д.К. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад облусу боюнча сот департаментинин жетекчилиги өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, материалдык пайда табуу максатында курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү менен сүйлөшүп, "Майлуу-Суу шаардык сотунун административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү" боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген подряддык иштер боюнча келишим түзүлгөнү аныкталды.

Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында аткарылган иштердин көлөмү ашыкча бааланганы, курулуш нормалары жана коопсуздуктун тиешелүү эрежелеринин талаптары одоно бузулганы такталды.

Сот системасынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетинен 4 млн (курулуш иштеринин көлөмүн ашыкча баалоо) сомго жакын каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткен.

Учурда Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери К.Р.С. жана А.Д.К. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий