• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Монголиянын банк тармагындагы кызматташтыгын бекемдөө маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын Борбордук банкынын президенти Бядрангийн Лхагвасурэн менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар банк тармагындагы эки тараптуу мамилелердин келечегин, атап айтканда, Кыргызстан менен Монголиянын улуттук банктарынын, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик жана коммерциялык банктарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Айбек Артыкбаев кыргыз-монгол эки тараптуу мамилелеринин өнүгүшү жана жогорку деңгээлдеги сапарлары тууралуу маалымат берди. Ал эки өлкөнүн банк тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүү зарылдыгына көнүл бурду.

Бядрангийн Лхагвасурэн, өз кезегинде, Монголиянын Борбордук банкы кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, монгол тарап бул багытта күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар банк жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү боюнча пландарды ишке ашыруу максатында байланыштарды улантууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий